Аял милицияга кайрылып, анын күйөөсү досу менен бирге белгисиз кызды зордуктаганын айткан

  • 2 года мурун

Милицияга аял анын күйөөсү менен досу белгисиз кызды зордуктаганын билдирип, арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Kaktus.media күч органдарына шилетеме берип, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, аял күйөөсүнүн телефонунан досу экөө белгисиз кызды зордуктап жаткан видеону таап алганын билдирген.

«Милиция кызматкерлери анын күйөөсүн кармап, Жалал-Абад облусуна качып кеткен экинчи шектүүнү аныкташып, аны да кармашкан»,- деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратып, кылмышка шектүү 36 жаштагы эки жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-декабрда Свердлов райондук милициясына жаран кайрылып, ушул жылдын 24-ноябрында анын эркине каршы зордуктаган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында, 1988-жылы туулган К.Э. жана Д.Т. аттуу эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сүрөт: иллюстрация, интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты