Автоунаалардын айнегин караңгылатуу боюнча жумушчу топ түзүлдү
- 3 года мурун
Автоунаалардын айнегин караңгылатууга уруксат берүүнүн шарттарын иштеп чыгуу жана анын баасын аныктоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңеш 9-февралда Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.
Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап жатат. Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деп болжоп жатат.
Экономика министрлиги айнекти караңгылатуунун баасы мыйзамдын долбоору кабыл алынган соң аныктала турганын билдирүүдө.
Долбоор боюнча такси, эл ташуучу жана жүк ташуучу автоунааларга каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берилбейт. Кыргызстанда учурда автоунаалардын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган.