Автоунаада отурган аялды урган адам Ош шаардык сотунун судьясы. Текшеребиз

19-декабрь күнү “БеспределKG” баракчасында автоунаанын ичинде отурган аялды уруп жаткан адамдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулар бул адам Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов экенин айтышкан.

Автоунаада отурган аялды урган адам Ош шаардык сотунун судьясы. Текшеребиз

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

 “БеспределKG” баракчасындагы видеодо чаар ала куртка кийген адам “Lexus 04KG 430ABV” үлгүсүндөгү автоунаада отурган аялга  “Бардыбы?!” деп туруп, бетине чаап жиберген. Видеодогу сиреналардын жарыгынан, окуя болгон жерде милиция кызматкерлеринин да автоунаалары болгонун байкоого болот. 

Бир канча убакыттан кийин, кол көтөргөн адамдын жүзү даана көрүнгөн.

Автоунаада отурган аялды урган адам Ош шаардык сотунун судьясы. Текшеребиз

Ал, Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкуловго окшош экенин көрүүгө болот. 

Кылычбек Истамкулов 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун сайтындагы маалыматка ылайык, Кылычбек Истамкулов 2017-жылдан баштап Ош шаардык сотунда судья болуп иштей баштаган

2021-жылдын 27-апрелинде Президент Садыр Жапаров тарабынан бир катар жергиликтүү соттордун судьялары дайындалган. Алардын арасында Ош шаардык сотунун судьясы болуп Кылычбек Истамкулов да кызматында калган. 

Автоунаада отурган аялды урган адам Ош шаардык сотунун судьясы. Текшеребиз

Кылычбек Истамкулов тууралуу интернет тармагында көп маалымат жок. Инстаграмдагы жалгыз сүрөтү менен автоунаада отурган аялга кол көтөргөн адамды салыштырып көргөндө Кылычбек Истамкулов экенин даана билүүгө болот. 

Автоунаада отурган аялды урган адам Ош шаардык сотунун судьясы. Текшеребиз

Белгилей кетсек, автоунаанын ичиндеги жарандын ким экени жана уруштун себеби эмнеде экени видеодо айтылган эмес. 

Declarator.kg сайтындагы маалыматка ылайык, 2020-жылда Кылычбек Истамкуловдун бир жылдык кирешеси 1 млн 780 миң сомду түзгөн. 2017-жылы бир жылдык кирешеси 651 миң сом болгону да жазылган. 

Автоунаада отурган аялды урган адам Ош шаардык сотунун судьясы. Текшеребиз

Мындан сырткары Кылычбек Истамкуловдун мал-чарбачылыгы бар экени белгиленген. 

Жыйынтык: Автоунаада аялды урган адам Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов экени чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты