Автоунаада кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелип жаткан мурдагы мамкызматкер кармалды

  • 1 год мурун

Бишкекте автоунаасында кызды зордуктоого аракеттенген деп шектелип жаткан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы кызматкери Бекбатыр Бузурманов кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук милициясынан кабарлашты.

Милициядан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин «Зордуктоого аракеттенүү» беренесинин негизинде 1993-жылы туулган Б.Б кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Соцтармактарда 15-июнь түнкү саат 03:02де байкоо камерасына тартылган видео тасма тараган. Анда жолдун четинде токтоп турган жол тандабастын арткы орундугунда аял эркек кишиге каршылык көрсөтүп, унаадан кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Ал эми аны кармап, колун кайрып жерге жаткырган бейтааныш киши шымынын курун тагып жатканын байкаса болот.

22-июнда Kaktus.Media басылмасы күч органдарындагы булактарына таянып, кызды зордуктоого шектелген киши Жаратылыш ресурстарын коргоо министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы Бекбатыр Бузурманов экенин жазган.

Ал эми министрлик «Акипресске» Бузурманов апрель айында кызматтан кеткенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты