Автоунаада кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелип жаткан адам мурдагы мамкызматкер экени айтылууда

  • 1 год мурун

Бишкекте эркек киши унаасында кызды зордуктоого аракеттенген факт боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу «Клооп» басылмасы Свердлов райондук милициясына шилтеме берип жазды.

Милициядан билдиришкендей, 15-июнда Свердлов РИИБине жабырлануучу кыз арыз менен кайрылган. Ал 14-июндан 15ине караган түнү Бишкек шаарындагы Токтогул-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган унаада эркине каршы зордуктоо аракети болгонун билдирген.

Аталган факт Свердлов райондук милициясына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери башталды.

Соцтармактарда 15-июнь түнкү саат 03:02де байкоо камерасына тартылган видео тасма тараган. Анда жолдун четинде токтоп турган жол тандабастын арткы орундугунда аял эркек кишиге каршылык көрсөтүп, унаадан кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Ал эми аны кармап, колун кайрып жерге жаткырган бейтааныш киши шымынын курун тагып жатканын байкаса болот.

22-июнда Kaktus.Media басылмасы күч органдарындагы булактарына таянып, кызды зордуктоого шектелген киши Жаратылыш ресурстарын коргоо министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы Бекбатыр Бузурманов экенин жазды.

Ал эми министрлик «Акипресске» Бузурманов апрель айында кызматтан кеткенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты