“Аутизм менен төрөлгөн балдардын саны мурдагыга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй өстү”. Текшеребиз

21-апрелде Eker Aska аттуу Фейсбук колдонуучусу аутизм менен төрөлгөн балдардын саны мурдагыга салыштырмалуу өсүп жаткандыгын жазып чыккан. Ал мурда үч миң баланын ичинен бирөөндө аутизм аныкталса, азыр 44 баланын бирөөсүндө кездешип жатканын билдирген.

“Аутизм менен төрөлгөн балдардын саны мурдагыга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй өстү”. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Аутизм деген эмне?

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун аныктамасына ылайык, аутизм бул — мээнин өнүгүүсүндөгү айырмачылыктардан улам пайда болгон патологиялардын жыйындысы. 

Аутизми бар адамдар жеңилден оорго чейин симптомдордун ар кандай деңгээлдерине жана формаларына ээ болушу мүмкүн. 

Дүйнөлүк медицинада аутизмдин эң көп тараган төрт түрү төмөнкүлөр экени айтылат:

Балдар аутизми (Каннер синдрому): Мурда “классикалык аутизм” катары белгилүү болгон аутизмдин эң кеңири тараган формасы. Ал чектелген кызыкчылыктары, кайталануучу иш-аракеттери жана баарлашуудагы кыйынчылыктар менен мүнөздөлөт.

Аспергер синдрому: Аутизмдин бул түрү, адатта, анча оор эмес формада болот жана адамдын интеллекти нормалдуу же ал тургай жогорку деңгээлде сакталат. Бирок, Аспергер синдрому бар адамдар коомдук өз ара аракеттенүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн жана көбүнчө кызыкчылыктары чектелүү болот. 

Ретта синдрому: Бул аутизмдин сейрек кездешүүчү түрү. Ал негизинен кыздар арасында көбүрөөк кездешет. Ретта синдрому адатта 6 айдан 3 жашка чейин байкалат жана көндүмдөрдү жоготуу, кыймылдын начарлашы жана социалдык регрессия менен коштолот.

Типтүү эмес аутизм (дезинтегративдик бузулуу) : Бул аутизмдин сейрек кездешүүчү жана оор түрү. Анда бала кадимкидей өнүгө баштайт, бирок андан кийин тил жана социалдык өз ара аракеттенүү сыяктуу мурда ээ болгон көндүмдөрдү жана функцияларын жоготот.

Бул аутизм түрлөрүнүн бир нече гана мисалдары бар жана ар бир жеке учурда уникалдуу мүнөздөмөлөр жана өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн.

Жалпысынан алганда, аутизмдин белгилери чектелген кызыкчылыктарды, кайталанма жүрүм-турумду, башкалар менен баарлашууда жана өз ара аракеттенүүдө кыйынчылыктарды, үндөрдү, жыттарды же текстураларды сезгичтикти камтыйт. 

Буга чейин кээ бир адамдар аутизмди психикалык оорунун же психоздун бир түрү деп айтып келишкен. Бирок, заманбап изилдөөлөр аутизм психикалык бузулуулардан же оорудан эмес, мээнин түзүлүшүндөгү жана иштөөсүндөгү айырмачылыктардан келип чыккандыгын тастыктайт.

Ошондуктан, аутизм менен төрөлгөн адамдар салттуу медициналык мааниде дарылоо менен эмес, алардын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана башкалар менен бирдей негизде коомго катышууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн колдоону, айлана-чөйрөнү адаптациялоону жана жекелештирилген окутууну талап кылат. 

Медицинанын өнүгүшү менен өзгөргөн статистика

Дүйнө жүзү боюнча аутизм менен төрөлгөн балдардын саны өсүп жатканы тууралуу маалымат буга чейин эле интернет айдыңында тарап, көп талкууга алынган.

“Аутизм менен төрөлгөн балдардын саны мурдагыга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй өстү”. Текшеребиз

Алсак, статистикаларда 1970-жылдары 10 миң баланын ичинен бирөөндө аутизм аныкталса, 2016-жылы 54 баланын бирөөндө аутизмдин белгилери аныкталып жатканы белгиленген. Ал эми 1966-жылы Америкада жүргүзүлгөн изилдөөдө окумуштуулар болжол менен 2500 баланын биринде аутизм бар деп эсептешкен. 

Чындыгында, аутизм боюнча изилдөөлөр 1990-жылга чейин бүгүнкү күндөн таптакыр айырмаланган статистикаларды чагарган. Дрейк нейрофизика институтунун билдирүүсүнө ылайык, статистикалардагы чоң айырмачылык жаралганынын бир канча себеби бар. 

Медицинанын өнүгүшү: Убакыттын өтүшү менен диагностикалык борборлордун көбөйүшү жана медицинанын  өнүгүшү аутизмди  аныктоого жана диагноз коюуга мүмкүндүк берди. 

— Скринингдердин жеткиликтүүлүгү жана ата-энелердин аутизмдин алгачкы белгилерине жана симптомдоруна болгон мамилесинин өзгөрүшү, патологиялардын эрте аныкталуусуна шарт түздү. 

— Аутизм жөнүндө маалымдуулукту жана түшүнүктү жогорулатуу аутизми бар адамдардын статистикасынын өсүшүн шарттады. Анткени, ага чейин аутизми бар адамдарды неврологиялык оорулардын катарына кошуп коюу кеңири жайылган көрүнүш болчу. 

Мындан сырткары, мурдагыга салыштырмалуу балдар өлүмүнүн азаюусу жана аутизм тууралуу изилдөөлөрдүн көбөйүүсү да статистикага таасир бергени белгиленет.

Башкача айтканда, статистикалардагы чоң айырмачылык медицинанын өнүгүшү жана аутизм тууралуу түшүнүктүн кеңири жайыла баштаганына байланыштуу деп айтууга болот.

Азыркы статистика кандай?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча 100 баланын ичинен бирөөндө аутизм кездешет. 

Бул статистика өлкөлөргө жараша да өзгөрөт. 

Алсак, АКШда ар бир 36  баланын ичинен бирөөндө аутизм кездеше турганы белгиленет. 

Ал эми Канадада ар бир 50 баланын ичинен бирөөндө кездешет. 

2022-жылдагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда 30 миңге жакын адамда аутизм кездешет. Дагы бир булактагы статистикага ылайык, 10 миң баланын 83үндө аутизм менен төрөлүү ыктымалдуулугу бар

Кыргызстанда аутизми бар балдарга мектептер курулбай, коомдо ар кандай дискриминацияга кабыла тургандары айтылып келет. 

Жыйынтык: Жылдан жылга аутизм менен төрөлгөн балдардын саны өсүп жатат деген статистика бар. Бирок бул нерсеге көп факторлор анын ичинде медицинанын өнүгүүсү чоң таасир эткен.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты