Аткезчилик жол менен жасалган алкоголдук продукциялар аныкталды    

  • 1 год мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Салык кызматы жана «Кыргызалко» менен бирге жүргүзүлгөн иш-чарада аткезчилик жол менен жасалган алкоголдук продукциялар жана акциздик маркалар аныкталды.   

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 1971-жылы туулган О.Н. Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы үйүндө спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү менен алектени белгилүү болду. Жыты спирттикине окшош суюктук куюлган 25 канистр, ар кандай маркадагы бөтөлкөнүн алдыңкы бетине колдонула турган чаптамалар бар 12 куту, капкак салынган кутулар, кескин жыты бар белгисиз суюктук куюлган канистрлер жана башкалар табылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран «Берекет Универсал» соода борборундагы ири соода түйүндөрүнүн биринин ээси болуп, аны тинтүү учурунда күмөндүү акциздик маркасы бар жана акциздик маркасы жок 11 кутудан спирт жана спирт кошулган ичимдиктер алынган. Соттун чечими менен ал 1 айга камакка алынган.

ИИМдин тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин 2-бөлүмү (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) боюнча кылмыш ишин иликтөөдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты