Атамбаев Жапаровду саясатчы, ишкер, журналист жана блогерлерге карата кылмыш ишин ойлоп тапкандарга ишенбөөгө чакырды

  • 1 год мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровду «төңкөрүш жасоого даярданып жатат» деген шылтоо менен саясатчы, ишкер, журналист жана блогерлерге карата кылмыш ишин ойлоп тапкандарга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ал Апрель ыңкылабынын 13 жылдыгына карата жасаган кайрылуусунда билдирди.

Алмазбек Атамбаев президентке өз мөөнөтү бүткүчө тынч иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек деген пикирин билдирип, президентке кеңеш айткан:

«Бирок бир кеңеш берет элем өлкө башчыбызга: булар төңкөрүш, тигилер көтөрүлүш даярдап жатышат деп, же дагы бир башка болбогон шылтоо менен бейкүнөө адамдарга — саясатчы, ишкер, журналист, жада калса блогерлерге кылмыш иштерин жок жерден ойлоп тапкандарга эч качан ишенбеш керек. Ушундай эргулдар президентке жакшы көрүнөм деп түз эле аңга алып барышат«, — деген Атамбаев.

Ал оппозиция демократиялык мамлекетте өнүгүүнүн милдеттүү элементи экенин эске салып, президентти өзү кетирген каталарды кайталабоого чакырды:

«Кыргызстандын көп кылымдык тарыхы, эгемендүүлүктүн 32 жылы жана өзгөчө Апрель элдик революциясынан кийинки мезгил Кыргызстанда ийгиликтүү мамлекеттик башкаруу элдин ыктыярдуу биримдигинин шартында гана мүмкүн экендигин, ага карай жол демократия, бийлик менен жарандык коомдун, саясий партиялардын, көз карандысыз ЖМКлардын тыгыз өз ара аракеттенүүсү аркылуу боло тургандыгын далилдеди«.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам «массалык башаламандык уюштурууга» шектелип жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты