Атамбаев менен Бакиевдин үйүндө майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат

  • 2 года мурун

Кыргызстандын мурдагы президенттери Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиевдин мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн үйлөрүндө майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө майыптыгы бар 200 миңдей жаран болсо, алардын ичинен 35 миңи балдар.

Майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык кызмат көрсөтүү жетишсиз болгондуктан Жибек жолу көчөсүндөгү Курманбек Бакиевдин жана Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттин менчигине өткөн үйлөрүндө балдар үчүн күнү-түнү иштеген реабилитациялык борбор ачуу чечими кабыл алынган.

Учурда курулуш иштери башталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты