Атамбаев: «Апрель элдик революциясы өлкөдөгү чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болгон»

  • 1 год мурун

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Апрель элдик революциясынын 13 жылдыгына карата социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Атамбаев кайрылуусунда Апрель элдик революциясы өлкөдөгү чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болгонун белгилеп, ошол күндөрү майданга чыкккандар кыргыз элин коркутуп-үркүтүп башкарууга мүмкүн эмес экенин далилдешкенин айткан.

«Апрель элдик революциясынан кийин 13 жыл өттү. Кыргыз элинин эркиндиги үчүн өмүрүн берген баатырларга түбөлүк даңк. 2010-жылдын 6-7-апрелинде Бакиевдердин үй-бүлөлүк-кландык бийлигине каршы чыккан миңдеген мекендештерибизге терең таазим. Ошол күндөрү алар көкүрөгүн окко тосуп, бүтүн дүйнөгө кыргыздардын эрдигин жана азаттык, адилеттүлүк, элдин келечеги үчүн өмүрүн аябай тургандыгын көргөзүштү. Бийлик ал күнгө чейин бир топ саясатчы, журналистти өлтүргөнүнө карабай, ошол күнү майданга чыккан эр жүрөк жарандарыбыз кыргыз элин коркутуп-үркүтүп башкарса болбойт деп далилдешти«, — деп айтылат кайрылууда.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты