«Атам УКМК кызматкеринин кыйноосунан каза болду». Президент окуяны териштирүүнү тапшырды

  • 3 часа мурун

Президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун тургундары менен жолугушту. Анда Жаңы-Базар айылынын жашоочусу Уулбүбү Касымалиева атасы, айылдык кеңештин төрагасы Касымалы Оморов УКМКнын мурдагы кызматкери тарабынан кыйноого алынып, кабыргасы сынып, өпкөсүнө сайылып көз жумганын айтты.

Кызынын сөзүнө караганда, тергөөдө башына кара баштык кийгизип, ур токмокко алып, кабыргасы сынып, ооруканада көз жумган. Окуя 2025-жылы болгону айтылды.

Президент прокуратура органдарынан бул ишти тактап, териштирүүнү тапшырды. Мындай аракетке баргандар жумштан алынган.

Сүрөт: Жолугушуу учурунда. president.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты