«Ата-Журт Кыргызстан», «Мекенчил» фракциялары президентке Байсаловду кызматтан алуу сунушун жөнөтөт

  • 1 год мурун

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн гранттык каражаттар жөнүндө маалымат угулду.

Депутат Надира Нарматова эки фракциянын атынан президентке Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан кетирүү сунушун жөнөтүү керектигин айтты.

«Депутаттарга чабуул жасагандан башка эч нерсеге жооп берген жоксуз. Ким сүйлөсө тап берип жатасыз. Жооп бербесеңиз кызматыңызды тапшырыңыз. Кызматтан алуу боюнча эки фракциянын атынан президентке сунуш жөнөтүү чечимин кабыл алалы», — деп Нарматова Байсаловго кайрылды.

Жыйынтыгында Байсаловду кызматтан алуу тууралуу президентке сунуштама жиберүү боюнча фракциянын жана депутаттык топтун чечими кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты