Ата-энесиз калган балдар үчүн Ошто жаңы турак жай курулууда
- 5 месяцев мурун
Ош шаарында ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн турак жай курулууда. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйлөрүндө тарбияланып чыккан балдарды турак жай менен камсыз кылуу максатында 28 батирден турган көп кабаттуу үй курулуп жатат. Учурда фасаддык жана жылуулоо иштери жүргүзүлүп, имараттын ичиндеги шыбак иштери уланууда. Сантехника жана электр монтаж иштери аяктады.
Муну бөлүшүү




