«Ата-Бейитте» Апрель ыңкылабында курман болгондор эскерилди
- 1 год мурун
Бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель элдик революциясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага мамлекет башчысы Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, өкмөт башчысы Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана башкалар катышты.
Иш-чаранын катышуучулары алгач Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалдарына гүл коюшту. Андан соң курман болгондорго багыштап куран окулду.
Муну бөлүшүү