«Ата-Бейитте» Апрель окуясында курман болгондор эскерилди
- 2 года мурун
Бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерүү иш-чарасына президент Садыр Жапаров, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронабай Жээнбеков, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган адамдар катышты.
Алгач 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюлуп, куран окулду.
Андан соң жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитинде куран окутулду.
Муну бөлүшүү