Ат-Башыда губернатордун экс-орун басары ээлеп алган 161 гектарга жакын жер мамлекетке кайтарылды

  • 1 неделя мурун

Ат-Башы токой фондусунун аймагында жер тилкесин өз алдынча басып алуу, имараттарды жана башка курулуштарды мыйзамсыз куруу боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча болжолдуу наркы 1 млрд. 24 млн. сомду түзгөн, жалпы аянты 161,82 га жер участогу имараттары жана курулуштары менен мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Жер жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан белгиленген имараттарды жана курулуштарды курууда жер кыртышынын асыл катмарына зыян келтиргендиги үчүн участканын ээси 1 млн 175 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн.

Буга чейин УКМК Нарын облусунун Ат-Башы районундагы токой чарбасынын «Чар» участогунан 2007-жылы 160,9 га жерди мыйзамсыз алган облустук администрациянын башчысынын мурдагы орун басары — Нарын облусунун губернаторунун экс-орун басары А.И. (Абдыгазиев Исабек) кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Ошондой эле анын жанындагы 0,9120 га өлчөмүндөгү жер тилкесин да  уруксатсыз ээлеп алуу фактылары аныкталып, анда туризм чөйрөсүндө коммерциялык максатта пайдаланылуучу имараттар жана курулмалар (мейманкана, кафе-бар, ашкана, сауна ж.б.) эч кандай уруксат берүүчү документтери жок курулгандыгы такталган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты