Ат-Башы ГЭСинин реконструкциясы аяктады
- 2 года мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусунда Ат-Башы ГЭСинин реконструкциясынын аякташына байланыштуу иш-чарага катышты.
Реконструкциялоодон кийин Ат-Башы ГЭСинин кубаттуулугу 40 МВт дан 45,7 МВт жогорулап, эксплуатация мөөнөтү да 25-40 жылга узартыларын белгиледи.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
ГЭСти реконструкциялоого Швейцария өкмөтү жардам берген.
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү