Астанада Кыргызстан, Тажикстан жана Орусия президенттеринин жолугушуусу өтөт

  • 2 года мурун

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында президент Садыр Жапаров, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда. Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген орусиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты