«Аспеков Матраимовдон 3 млн доллар алган, бирок Садыр Жапаровго берген эмес». Орунбеков Аспеков айткан акчалар тууралуу
- 3 недели мурун
- Видео
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Мелис Аспековдун айткандарына жооп кылып, ал Райым Матраимовдон 3 млн доллар алган, бирок Садыр Жапаровго берген эмес деген пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
«Мелис Аспеков видеолорунда чындыкты жарым жартылай айтып атат. Ал чындап эле Райым Матраимовдон 3 миллион доллар алган. Бирок Садыр Жапаровго да, башкасына да берген эмес. Райым Матраимов Мелис Аспеков андан алган акчаны эч кимге бербей, өзүнө алганын, Садыр Жапаров эч кимден акча талап кылбаганын жана өзүн Мелис алдап кеткенин билип калып “Мелис акчаны кайра кайтаргын” деп Аспековдон акчасын доолай баштаган. Ал кезде Матраимов да камала элек, мыйзамдагы ууру аталган кримавторитет Камчы Көлбаев да тирүү болчу. Алардан коркуп, өзүн акташ жана жанын сакташ үчүн Мелис Аспеков “акчаларды Садыр Жапаровго бердим” деген өлармандык сценарийди ойлоп тапкан” деп жазды Орунбеков.
“Ар кимден алган акчасына түрдүү кымбат унааларды минип, жан сакчылар менен жүрүп калганына эл дагы күбө болгон. 5-октябрга чейин жөө жүргөн Аспеков дароо байлыкка ээ болуп, ал тургай ойношуна батир, унаа белек кылган. Оңой келген акчаларын ой келди чачып, кыска убакытта каалаганын кылган. Көзүн май басып улак оюндарын, волейбол, эрежесиз эр уруштарды өткөрүп, өзүн хан сезип алган болчу. Азыр Мелиске акча алдаткандар Матраимов эле эмес, көп. Ошого абактан чыкпоонун амалын көрүп, кайра-кайра кылмыш жасап чыкпай отурат” деп жазды Орунбеков.
Активист Тилекмат Куренов өзүнүн Фейсбук баракчасына камакта жаткан Мелис Аспековдун видеолорун жүктөп турган. Анда камактагы Мелис Аспеков «Райым Матраимовдон Садыр Жапаров мен аркылуу 1,5 млн. доллар алганы бул 100% чындык жана башкалар аркылуу дагы 1,5 млн доллар алган деп уктум» деп, ошондой эле Садыр Жапаров шайлоого Сооронбай Жээнбековдон 10 млн. $ алган жана «Камчы Көлбаевди Садыр Жапаров эмне үчүн өлтүргөн деген үч бөлүктөн турган видеокайрылуу жасаган.
Сүрөттө: Дайырбек Орунбеков. Интернет булактарынан