Асман шаары: Садыр Жапаров инвесторлорду кызматташууга чакырды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушуна капсула салуу аземинде  инвесторлорду кызматташууга чакырды. Ал шаар курууга каралган жерден инвесторлорго ири жер тилкелери бөлүнөрүн, буга мамлекет тарабынан 100 пайыз кепилдик бериле турганын айтты.

«Долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик бере алам. Асман акылдуу шаарын курууга катышам деген башка дагы инвесторлор болсо, азыр дагы кучак жайып тосуп алууга даярбыз. Келгиле, биздин уникалдуу долбоорубузга катышкыла, кыялыбызды ишке ашырып, акылдуу шаар куралы«, — деди Жапаров.

Мындан тышкары ал учурдагы бийлик инвесторлордун ишине эч кимди кийлигиштирбесин жана мамлекеттин кепилдигин толук камсыздарын кошумчалады.

«Мамлекеттик органдар болобу, күч түзүмдөрүнөн болобу же деструктивдүү элементтерден болобу, келип, болбогон шылтоо таап опузалап, кандайдыр бир иштерине тоскоолдук кылып, акча талап кылууларына биз жол бербейбиз. Ошол эле маалда жергиликтүү бийликтен же жергиликтүү элдин атынан бирөө-жарым келип, мыйзамсыз иш-аракеттер менен тоскоолдук кылбайт деп убада беребиз. Кимде ким тоскоолдуктарды кылса, аны менен жеке өзүм эсептешем«, — деди Жапаров.

Президент инвесторлорго карата чекилик иштердин чети эле билинсе, мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар катуу жазаланарын белгиледи.

Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салуу иш чарасы өттү.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Шаардын жалпы аянты 4 миң гектарды түзөт.

Курулуш иштерин 7-10 жылда бүткөрүү мерчемделүүдө.

Президенттик администрация шаарды тыштан келген инвесторлор саларын билдиргени менен, кайсы инвесторлор экенин так ачыктаган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты