Асланайым Аширова Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды

  • 1 день мурун

Светлана (Асланайым) Аширова маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, 2024-жылдын 23-октябрынан тартып Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, жамаатка жаңы директорду министр Алтынбек Максүтов тааныштырды.

Цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу, өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Светлана (Асланайым) Аширова циркте көркөм жетекчи кызматында эмгектенип келген.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты