Аскер прокуратурасы пара алууга шектүү райондук комиссариат кызматкерлеринин кылмыш ишин тергөөдө

  • 1 год мурун

Коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Аскер прокуратурасы жана УКМК тарабынан 24-февралда Кара-Суу, Араван жана Өзгөн райондук комиссариаттарында кызматтык бөлмөлөрдө тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада шектүү кызмат адамдары кармалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, аталган райондук комиссариаттардын кызматкерлери мыйзамсыз жол менен аскердик кызматтан бошотуу үчүн чакырылуучулардан жана алардын жакындарынан системалуу түрдө акча алып келишкен. Ошондой эле мобилизациялык резервдин тизмесине катышуучуларды киргизүү үчүн пара талап кылышкандыктары аныкталды.

Кылмыш иш Аскер прокуратурасы тарабынан тергелүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты