Аскер бөлүгүнүн башчысы баасы 2 млн сомдон ашык кымбат баалуу платаларды сатууга шектелип кармалды

  • 6 месяцев мурун

Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин командири аскердик радиолокациялык станциянын баалуу металдарын сатып жиберген деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аскер бөлүктүн мүлктөрүн текшерүү учурунда “Терек” комплексинин радиоэлектрондук аппаратына орнотулган алтын, күмүш, платина, палладий камтылган 407 даана, баасы 2 млн 112 миң сомдук плата жок болуп чыккан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын каянаттык менен пайдалануу, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары аталган аскер бөлүгүнүн командири Р.Я. кармалды.

Башкы прокуратура учурда кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты