Аскат Алагөзов Жапаровдун атын жамынган коммерциялык жалган жарыяларга ишенбөөгө чакырды

  • 6 месяцев мурун

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Садыр Жапаровдун атын жамынган коммерциялык жалган жарыяларга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Социалдык тармактарда белгисиз шылуундар президент Садыр Жапаровдун видеосун колдонуу менен, үнүн жасалмалап, кандайдыр бир коммерциялык долбоорлорго катышууга чакырык жасаган видеороликтер таратылып жатканын кабарлайбыз.

“Аз акча салып, кыска убакытта байып кетсең болот” деген өңдүү күмөндүү иш аракеттер жалган маалымат экенин белгилейбиз.

Соцтармактагы маалыматтардын көптүгүн эске алуу менен, кандайдыр бир шектүү билдирүүлөр болсо шылуундардын курмандыгы болуп калбашы үчүн маалыматтарды расмий булактардан тактап коюуну өтүнөбүз», — деп жазды Алагөзов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты