Аскар Салымбеков Нарындагы AS сүрөт галереясын мамлекетке “от души” өткөрүп бергенин айтты    

Нарын шаарындагы “AS” сүрөт галереясы маданият министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Өткөрүп берүү аземинде сөз сүйлөгөн меценат Аскар Салымбеков мындай деди:

-Маданият министрлигине тапшыралы, ак ниетим, жакшы ниетим менен берип жатам силерге, ушулардын баарын. “От души” дешет го орустар, -деди Аскар Салымбеков.

Арт галереянын ачкычын Салымбеков маданият министри Алтынбек Максүтовго тапшырды.

  

Нарындагы AS арт галереясын Аскар Салымбеков жана анын жубайы Гүлмира Мамбеталиева 2001-жылы уюштурган. Музейде  айтылуу сүрөтчүлөр Гапар Айтиев, Теодор Герцен менен катар эле Диль-Фируз Игнатьева, Сүймөнкул Чокморов, Жоомарт Кадыралиев, Сүйүтбек Төрөбеков, Таалай Курманов, Юристанбек Шыгаев,  Садабек Ажиев, Давид Флекман, Ривкат Бухарметов, Эркин Салиев, Даанакан  Адашканова, Кадыркул Орозматов, Таалайбек Усубалиев жана башка сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган.

Анда жергиликтүү жана чет элдик сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп келет.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты