Аскар Акаев жубайы менен Кыргызстанга келгени айтылууда
- 1 год мурун
Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен 19-майдан 20-майга караган түнү Кыргызстанга келгенин Kaktus.media чек ара кызматындагы булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Акаевдер Кыргызстанга кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекети аркылуу киришкен. Алардын Кыргызстанга келүүсүнүн себеби азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, мурдагы президент Аскар Акаев 2021-жылы «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн эки жолу Кыргызстанга келип кеткен. Акаев УКМКга сурак берип, тергөө менен кызматташа турганын билдирген.
Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен.
Муну бөлүшүү