Аскар Акаев Казак улуттук университетинин ардактуу профессору наамын алды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Казакстандагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине ардактуу конок катары келди. Бул тууралуу маалымат 19-июнда аталган окуу жайдын расмий сайтына жарыяланды.

«Орусия илимдер академиясынын академиги Аскар Акаев университетке болгон сапарынын алкагында «Байыркы доорлордон берки демографиялык динамика жана адамзаттын келечеги» аттуу темада лекция окуп, окуу жайды модернизациялоо планы менен таанышып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүнжө ректор Жансеит Туймебаев Аскар Акаевге Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Ардактуу профессору наамын тапшырган.

Акаев 21-июнда студенттер сарайында «Санарип экономика, моделдер жана божомолдор» темасында лекция окуйт. Ошондой эле өзүнүн долбоорлору жана изилдөөлөрү тууралуу баяндама жасайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты