Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнгөнү айтылды

  • 2 недели мурун

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңешке кат жолдогонун «Азаттык» жазды. Маалыматты «Азаттыкка» парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Чолпон Султанбекова ырастаган.

Чолпон Султанбекова: «Мен катты бүгүн эртең менен жумушка келгенде көрдүм. Маселе дароо эле күн тартибине чыкпайт. Биринчи фракциялар, алардын лидерлери жана депутаттар менен сүйлөшүүлөр болот. Андан кийин маселе кайсы күнү күн тартибине коюлганын айтабыз»,-деп айтып берген аталган медиага.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен.

Ал кийин 2021-жылы «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн эки жолу Кыргызстанга келип кеткен. Акаев УКМКга сурак берип, тергөө менен кызматташа турганын билдирген.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты