“Аскадан секирүүдө аркан үзүлүп каза тапкан”. Акыйкатчы коопсуздук чараларды күчөтүүгө чакырды  

  • 2 месяца мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги No171 токтому менен бекитилген Аттракциондорду коопсуз иштетүү эрежелерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү өтүнүп, Министрлер кабинетине кайрылуу жолдоду.

Акыйкатчы институту тиешелүү ченемдик укуктук актыларды изилдеп чыгып, жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткан аттракциондордун ишмердүүлүгү үчүн тийиштүү коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгына токтолду.  Тагыраак айтканда, “банжи-жампингди” аттракциондун механикалаштырылбаган түрү катары тизмеге киргизүүнү сунуштайт.

«Банжи-жампинг» механикалаштырылбаган аттракциондун катарын толуктаганына карабастан жогоруда айтылган токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн аттракциондордун түрлөрүнүн тизмесине киргизилген эмес. Атап айтканда, аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген.

Анын үстүнө, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында механикалаштырылбаган аттракциондун бул түрүн коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу боюнча эч кандай талаптар каралган эмес.

«Албетте, Кыргызстанда тоо туризминин ар кандай түрлөрүн жана экстремалдык көңүл ачууну ишкердиктин бир түрү катары өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар. Бул жалпы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын иш менен камсыз болушуна шарт түзөт. Бирок адам өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо башкы фактор болушу керек. Мамлекеттик органдар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшү керек» деди  Жаманбаева

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы министрлер кабинетине аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоонун эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, анын ичинде аттракциондун механикалаштырылбаган түрү катары “банжи-жампингди” кошууну жана анын иштеши үчүн тийиштүү коопсуз шарттарды камсыз кылуу керектигин билдирген кат жолдоду.

2024-жылдын 6-июлунда Аламүдүн районунун Татыр айылында 39 жаштагы жаран экстремалдык аттракциондон секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, каза болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты