Ашууларда жол ачык, каттам бар  

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 22-январда, саат 09:50гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Жети облустагы жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, атайын кезметке туруу менен күнү-түнү тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.  

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз, унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууну унутпоого чакырат.

Алыс жолго сапар алган учурда жаныңызга музга туруштук бере турчу атайын чынжырча ала жүрүңүз.

“Сосновка” жана “Кара-Көл” пункттарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилип, талапка жооп бербегендер артка кайтарыларын эскертебиз.

Ашуу аралап баратып, кокус авариялык абалга кептелсеңиз, унаа токтотууга коюлган ташты дароо жол боюнан алып коюуңуз. Анткени, ал жол кырсыгы коркунучун гана туудурбастан, жасалма транспорт тыгынын да жаратат.

“Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпаңыз! Сиз эрежени гана бузбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына катуу тоскоолдук жаратарыңызды унутпаңыз!

Эсиңизде болсун! Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо — кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт” деп айтылат билдирүүдө.  

Сүрөт: Транспорт министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты