Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

  • 9 месяцев мурун

3-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, Мюнхендеги дүйнөлүк музыка академиясынын академиги, дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, көрүнүктүү маданият ишмерлери, Асанкан Жумакматовдун жакындары катышты.

Салтанаттуу кечени Кайрат Иманалиев ачып, Асанкан Жумакматовдун 100 жылдык мааракесин улуттук деңгээлде белгилөө боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому чыкканын, ага ылайык жыл ичинде атактуу дирижердун 100 жылдыгына байланышкан бир катар маанилүү иш-чаралар өткөнүн белгиледи.

Ал эми, Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын эл жазуучу Чыңгыз Айтматов өз учурунда Асанкан Жумакматовду “Классикалык музыканын падышасы” деп таамай айтканын белгилеп, А. Жумакматовдун өмүр чыграмачылыгы, нарктуу жолу тууралуу сөз кылды.

Андан соң иш-чара А. Жумахматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри жана К. Орозовдун атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосундагы концерт менен уланды.
Эске салсак, буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин уюштуруусу менен Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына карата Оркестр коллективдери арасында II республикалык кароо-сынак фестивалы өткөн. Жакында эле А. Жумакматовдун туулуп-өскөн айылында анын 100 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чарасы болуп өттү. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда А. Жумакматовдун 100 жылдыгына арналган концерт- конференция уюштурулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты