“Асанбай” паркын 25 жыл мөөнөткө ижарага берүү мыйзамсыз”. Текшеребиз

  • 2 года мурун
“Асанбай” паркын 25 жыл мөөнөткө ижарага берүү мыйзамсыз”. Текшеребиз

Бишкек шаарындагы “Асанбай” паркынын жумушчулары президент Садыр Жапаровго кат менен кайрылды. Анда алар паркты 25 жылдык мөөнөткө ижарага берүү мыйзамсыз экенин айтышууда.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Тургундар нааразычылык акциясына чыгышты

Бишкек шаарындагы “Асанбай” паркын 25 жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө байланыштуу аталган райондун айрым тургундары нааразылык акцияга чыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев телеграм каналына жарыялады. Ал билдиргендей, “Асанбай” паркын үч миллион долларлык инвестиция салып, 25 жылдык мөөнөткө ижарага алуу көздөлүп жатат. 

“Асанбай” паркын 25 жыл мөөнөткө ижарага берүү мыйзамсыз”. Текшеребиз

Июль айында Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти “Асанбай” паркын модернизациялоо үчүн инвестор издеп, сынак жарыялаган. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун сайтына чыккан.

“Асанбай” паркын 25 жыл мөөнөткө ижарага берүү мыйзамсыз”. Текшеребиз

Парктын жумушчулары президентке кат менен кайрылышты

“Асанбай” паркынын жумушчулары президентке кат менен кайрылышкан. Анда парк жайгашкан аймак көп жылдар бою кароосуз калып, таштанды төгүүчү жайга айланган, 2009-жылга чейин мэрия жерди жакшыртуу боюнча сынак өткөрүп келген. “Десткий досуг” компаниясы мыкты өнүктүрүү долбоорун сунуштап сынакты жеңип алды. Жылдар ичинде балдар аттракциондору орнотулуп, бак-дарактар ​​отургузулуп, жолдор салынып, алардын жанына гүлдөр отургузулду. 2022-жылдын апрель айында аталган компания ижара келишимин узартуу өтүнүчү менен Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине кат жүзүндө кайрылганда, бул маселе комиссияда каралат деп жооп беришкен. Комиссиянын жыйыны июнь айында өтүп, ижара келишимин узартпоо чечимин кабыл алынган”, — деп айтылат кайрылууда. Анда  паркты 25 жылдык мөөнөткө ижарага берүү мыйзамсыз экени жазылган.

Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, калктуу конуштардагы жерлер 5 жылдан ашпаган мөөнөткө пайдаланууга берилет.

“Асанбай” паркын 25 жыл мөөнөткө ижарага берүү мыйзамсыз”. Текшеребиз

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматына жашоочулардын суроолору боюнча кайрылдык, азырынча жооп боло элек.

Жыйынтык: “Асанбай” паркын 25 жылдык мөөнөткө ижарага берүү мыйзамсыз экенин айтышууда. “Жер кодексинде” калктуу конуштардагы жерлер 5 жылдан ашпаган мөөнөткө пайдаланууга берилет деп жазылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты