Арзыбек Кожошев Москвада ЕЭК кеңешинин жыйынын өткөрдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 18-мартта Москвада Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, жыйында 30га жакын маселе каралды.

ЕЭК Евразиялык Экономикалык Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын ички туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту, ошондой эле тышкы чакырыктарга туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун курамын бекитти.

Буга катар экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча 4 багытка топтоштурулган чаралардын тизмеси макулдашылды.

Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

— ташуучу тарабынан ташылган, же почта аркылуу жөнөтүлгөн товарлар үчүн 1000 еврого чейин жеке жактар үчүн товарларды алымсыз ташып келүү лимитин жогорулатуу жөнүндө. Лимит 2022-жылдын 1-октябрына чейин убактылуу негизде жогорулатылды;

— ЕАЭБ бажы аймагына ташылып келинген товарлардын келип чыгышын документалдык тастыктоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жөнүндө;

— «Евразиялык маалыматтык-эсептөө инфраструктурасы» мамлекеттер аралык программасынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө;

— мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлардын тизмесине дагы 52 позицияны киргизүү жөнүндө. Бул чара бул товарларды жеткирүүчүлөргө мамлекеттик сатып алууларга катышууга мүмкүнчүлүк берет жана олуттуу административдик тоскоолдуктарды жоет.

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү дары-дармек каражаттарын жөнөкөйлөштүрүлгөн жана тездетилген каттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү чечимин кабыл алышты.

Негизги инновациялар электрондук документ жүгүртүүгө жана дары-дармек каражаттарынын сапатын баалоодо аралыктан процедура жүргүзүүгө тиешелүү. Биримдиктин рыногуна дары-дармек каражаттарынын жөнөкөйлөштүрүлгөн жана тездетилген жеткиликтүүлүгү боюнча жол-жоболордун үч түрү киргизилди.

Бул фармацевтикалык компанияларга жеткирүү логистикасынын үзгүлтүккө учурашына байланышкан жоготууларды минималдаштырууга жана чыгымдарды каттоодон кийинки баскычка кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Орусиянын Москва шаарында өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты