Арстанбапта сел 23 машинаны агызып кетти

  • 2 месяца мурун

Арстанбапта 23-июлда катуу сел жүрүп, 23 машинаны агызып кеткенин, үйлөрдү, имараттарды, көпүрөлөрдү суу каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

23-июлда саат 23:00гө карата Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган селдин кесепетинен оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында айтылгандай, ӨКМден 70 куткаруучу, 7 мотопомпа жеринде иштеди. Ал эми ИИМден 50 милиция кызматкери, Жарандык коргонуу кызматтарынан 30, жергиликтүү тургундардан 60 адам селдин кесепеттерин жоюуда. Жалпысынан 210 адам чыкты. Ошондой эле ЖК кызматтарынан 10 техника тартылды» деп билдирди ӨКМ.

Арстанбаб-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбаб айылында саат 18:30 чамасында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты