Арслан Койчиев кайрадан президенттин кеңешчиси болуп дайындалды
- 2 года мурун
Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 20-декабрда президент Садыр Жапаров кол койду.
Мамлекет башчысынын мурдагы кеңешчиси Алтынбек Жумаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулганы маалымдалган.
Белгилей кетсек, Арслан Койчиев буга чейин дагы 2021-жылдын февралынан 2022-жылдын июнуна чейин аталган кызматты аркалаган.
Муну бөлүшүү