Арменияда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт

  • 3 недели мурун

Арменияда Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт. Ал жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров барат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

 Анда айтылгандай,  Министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь премьер-министри Роман Головченко, Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов, Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин катышат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 20дан ашык маселе киргизилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Ереван шаарын. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты