Арча-Бешиктен табылган ымыркайдын абалы туруктуу. Ленин районунун акими кабар алды

  • 8 месяцев мурун

Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Арча-Бешик конушунан табылган, ташталган ымыркай жаткырылган №2 төрөт үйүнө барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда аким ымыркайдын абалы менен таанышып, дарыгер менен баарлашып, администрация тарабынан бардык керектүү жардамдар берилерин белгиледи. Баланын абалы туруктуу, ага тийиштүү кам көрүү жана тамактануу каралган

.Эскерте кетсек, ымыркай Кара-Кужур көчөсүндөгү жеке үйдүн тосмосунун жанынан табылган, ал желим баштыкка оролгон кутуда болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты