Арча-Бешикте министрдин орун басарынын үйүнүн тосмосу буздурулду

  • 1 год мурун

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда тротуар салууга жолтоо болгон транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиевдин үйүнүн тосмосу буздурулду. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Орун басарымдын үйүнүн тосмосу өз каалоосу менен бузулду. Ал көчөдө 40тан ашык үйдүн тосмосу бузулуптур. Мыйзам баарына бирдей. Биз үчүн ар бир кызматкердин жоопкерчилиги маанилүү«, — деп жазды Текебаев.

Министр жарыялаган видеодо анын орун басары мэриянын кызматкерлерине баш ийбей келгени тууралуу сөздөрдү төгүндөдү. Анын алдында социалдык тармактарга Досалиев короосун буздурбай жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты