Арча-Бешик конушундагы турак үйлөрдү сел каптады

  • 10 месяцев мурун

Арча-Бешик конушундагы турак үйлөрдү сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрь күнү, кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан улам Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы Манка Жар коктусунан агып түшкөн сел суусунун көлөмү коктудагы 2 сел тосмодон ашып түшүп, Арча-Бешик конушунун Азем, Жайыл-Батыр, Криваносов, Аймончок көчөлөрүнүн жана турак үйлөрдүн короолорун каптаган.

Алдын ала маалымат боюнча суу 80 үйдүн короосуна кирип, 8 үйдүн жер төлөсүн, ички жолдорду каптаган. Буга ички чарбалык жолдордун өз убагында тазаланбашы да сел суусунун жолдорду, турак үйлөрдү каптоосуна алып келген. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Министрлик кошумча маалымат берилерин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты