Аравандагы жер махинациясына байланыштуу «Кадастр» мекемесинин эки кызматкери кармалды

  • 1 год мурун

Аравандагы жер махинациясына байланыштуу дагы эки адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Араван районунун кызматтык жана жооптуу мамлекеттик мекемелерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул иш боюнча, 2023-жылдын 17-майында Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.А. кармалып, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке алынган жер тилкесинин баасы 7,7 млн сомду түзөрү аныкталган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 5-июнда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери И.А.Х. жана Ж.П.Ю. кармалып жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү делип, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты