Араванда жаңы жылдык салтанаттарга байланышту коопсуздук чараларын сактоо боюнча эскертүүлөр берилүүдө

  • 2 года мурун

22-декабрда Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы борбордук базарларга, соода жүгүртүү жайына чыгышып, жарандарга түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул иш-чаранын максаты жаңы жылдык салтанаттарга байланыштуу соодагерлердин, сатып алуучулардын саны көп болгондуктан өрт коопсуздугунун жана уурулук фактыларын алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылууда укук бузууларды болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Мындан сырткары сатыкка чыгуучу пиротехникалык жардыруучу жасалмаларды (салют) сатууда жана сактоодо коопсуздук чаралары боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле соода түйүндѳр текшерүүгѳ алынып, пиротехникалык жасалмаларды сатуучулардын пиротехникалык каражаттарды сатууга уруксаты жок сатууга тыюу салынаарын эскеришти. Мындан сырткары милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты