Араванда каналга түшүп кеткен 1 жаштагы баланын жансыз денеси табылды
- 2 года мурун
Араванда каналга түшүп кеткен 1 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган райондун Кесек айылында 2021-жылы туулган З. уулу Б. аттуу кичине бала каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан кичине баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Муну бөлүшүү