“Арал” жана “Сосновка” өткөрмө пункттары жеңил унаалар үчүн ачылды

Бишкек-Ош унаа жолунун 133- чакырымында, Төө-Ашууда жол тыгыны жоюлуп, “Сосновка”, “Арал” постторунда жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Ал эми оор жөк ташуучу унааларга чектөө алына элек.   

Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымында жол тыгыны жолго салынып, унаалар эки тараптуу жүрө баштады.

Буга чейин Сосновка, Арал жана Талды-Булак (Талас-Бишкек каттамы) өткөрмө жайларында унаанын бардык түрүнө каттам жабык болчу. Арал жана Сосновка постторунда жүргүнчүлөргө ысык чай жана тамак-аш уюштурулган.

ӨКМ Бишкек – Ош унаа жолунун 126-137-чакырым аралыктарында төө-Ашууда кар жаап, жол тайгак болуп, жол тыгыны болуп жатканын кабарлаган. 132-чакырымда оор жүк ташуучу унааларда жайкы дөңгөлөк болгондуктан жолду тосуп калып, болжол менен 4-5 чакырым узундукта жол тыгыны пайда болгондугун билдирген.

ӨКМ кечээ Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-октябрдан 17-октябрга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-135-чакырымдарында, Төө-Ашууда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн, жолдор тайгак, муз болорун эскерткен.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты