«Арал» постунда оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөө алынды
- 1 год мурун
«Арал» постунда оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автожолунун «Арал» постунда оор жүк ташуучу автоунааларга саат 8:00 баштап чектөө алынды.
Учурда Бишкек-Ош автоунаа жолунда кырдаал туруктуу, жол ачык.
Жеринде жол тейлөө кызматтары тиешелүү жумуштарды алып барышууда.
Муну бөлүшүү