“Арал” постуна убактылуу чектөө киргизилди

  • 2 года мурун

“Арал” постуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу бүгүн, 9-январда Токтогул районунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жабылган. Унаа жолдо абал жакшырган учурда чектөө алынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты