Арал капчыгайына кетип дайынсыз болгон орусиялык жарандар аман-эсен табылды (Видео)
- 2 года мурун
- Видео
Ысык-Көл районунан үч куткаруучу Арал капчыгайына кетип, дайынсыз болуп жаткан орусиялык эки жаранды 16-октябрда аман-эсен таап, куткарып калышты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
15-октябрда Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Орусиянын эки жараны байланышка чыкпай, дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган капчыгайга Ысык-Көл районунан төрт куткаруучу унаа менен чыккан. Болжолдуу жайгашкан даректен аталган эс алуучуларды табышкан эмес. Мындан улам жерге жарык киргенде издөө-куткаруу ишин улантуу үчүн болжол менен саат 4тө кайтып келишкен.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!