Апшыр-Ата эс алуу жайында куткаруу иштери жүрүүдө

Апшыр-Ата эс алуу жайында издөө-куткаруу иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Апшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында өтө албай калган жарандарды куткаруу максатында тактайдан көпүрө жасап, 180 кишини дарыядан алып өтүп, коопсуз жерге көчүрүү иштери жүрүүдө.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпысынан 130 куткаруучу, тиешелүү техника, жергиликтүү тургундардан 120 адам, жалпы 350 киши, 20 инженердик техника тартылган.

Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген. Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган  7 адамды агызып, бешөөнүн сөөгү табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты