Апрелден тарта 12 миңден ашык маданият жана спорт кызматкерлеринин айлыгы жогорулады

  • 2 года мурун

Апрелден тарта12 миңден ашык маданият жана спорт кызматкерлеринин айлыгы жогорулады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жалпы министрликтин карамагындагы 579 мекеменин, тактап айтканда 12 064 кызматкердин айлык маянасы жогорулады. Мындан тышкары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарындагы маданий мекемелердеги кызматкерлердин айлык маянасы да көтөрүлдү. Мындан тышкары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарындагы маданий мекемелердеги кызматкерлердин айлык маянасы да көтөрүлдү. Бул токтомдордун негизинде 2022-жылга бюджеттен кошумча 1 миллиард 598 миллион сом талап кылынды. Анын ичинен 1 миллиард 176 миллион сом республикалык бюджеттен каржылануучу маданий мекемелери үчүн 422 миллион 279 миң сом маданият тармагында билим берүү мекемелери үчүн болду. Апрель айынан эмгек акыны эсептөөнүн жаңы формасы иштелип чыгып, 7040 сом өлчөмүндө минималдуу базалык ставка жана ал суммага ар бир кызмат үчүн эселүүлүк коэффициенти колдонулуп, кызматтык маянасы төлөнүүдө. Мындан сыткары ведомстволук мекемелерде–өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функциялык милдеттерин сапаттуу аткаргандыгы жана олуттуу иш тажрыйбасы үчүн эмгек акы төлөө фондунун чегинде жалпы эмгек акы фондунун 30 пайызына чейинки өлчөмдө акча каражаты төлөнүп берилет», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты