Апрель окуясына 12 жыл толду. Президенттин кайрылуусу

  • 2 года мурун

Бүгүн, Апрель элдик революциясына 12 жыл толду. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Кайрылууда 2010-жылдын 7-апрелинде коррупциялашкан бийлик кулатылганы, бул окуянын натыйжасында мамлекеттин өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам ташталып, демократия принциптеринин ишке ашырылганы айтылат.

«Дегеле Аксы окуясы, Март жана Апрель элдик революциялары саясий жана тарыхый маанилүү окуялардан болуп калды. Дүйнө коомчулугу кыргыз эли жөнүндө көз карашын өзгөртүп, ар-намысы бийик, эркиндик менен акыйкатты сүйгөн эл катары таанып, баалай баштады.

Апрель элдик революциясында кийинки муундардын жаркын жашоосу, бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн арнаган жигиттерибиз — бүгүнкү мезгилдин анык баатырлары.

Аксы окуясын, Март жана Апрель элдик революцияларын терең талдап, алардан сабак алып, элдин эркине каршы келген иш-аракеттерге жол бербейбиз.», — деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Президент 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун элесине таазим этип, элибизге ынтымак, мекенибизге тынчтык каалады.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты