AP: Мариуполдогу драмтеатрды бомбалоодо 600гө жакын киши өлгөн

  • 2 года мурун

Орус армиясы 16-мартта Украинанын Мариуполь шаарындагы драмтеатрга авиасокку урганда 600гө жакын киши өлгөн. Бул тууралуу Associated Press агенттиги өз иликтөөсүндөгү маалыматтарга таянып кабарлады.

Агенттиктин журналисттери театр имаратындагы баш калкалоочу жайды жакшы билген, авиасоккудан аман калган 23 киши менен сүйлөшүп, ошондой эле имараттын кабаттарынын планын, бомбалоого чейин жана андан кийин тартылган сүрөттөр менен видеолорду анализдеп чыгышкан. Бул маалыматтар театрдын 3D-үлгүсүн түзүү үчүн колдонулган. Күбөлөр ал үлгүдөн адамдар жашырынып турган жерлерди көрсөтүп беришкен.

16 күбө журналисттерге имарат адамдарга толуп, ар бир үч чарчы метрде бирден адам болгонун, алардын көбү бөлмөлөргө жана коридорлорго жашырынышканын айтышкан. Сурамжылоого катышкандардын баары имараттын алдындагы талаа ашканасында 100гө жакын киши болуп, бомбалоодо алардын баары өлгөнүн билдиришкен.

Марттын аягында Мариуполь шаардык кеңеши Орусиянын бомбалоосунан улам драмтеатрдын астындагы баш калкалоочу жайда жашырынып турган 1000ден ашуун жайкын тургундун 300дөйү мерт болгонун кабарлаган. Мариуполь полициясы менен Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү аба соккулардан 500дөн кем эмес адам өлгөнүн божомолдошкон. Associated Press каза болгон жайкын тургундардын айрымдарынын сөөктөрүн орус армиясы алып кеткен болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Ошол эле маалда агенттиктин журналисттери согуш шартында каза болгондордун так санын аныктоо мүмкүн эмес экенин белгилеп жатышат.

Орусиянын аба соккусунан бир нече күн мурда тартылган спутник сүрөттөрүнө ылайык, театрдын алдындагы «балдар» деген жазуу бийиктиктен да даана көрүнүп турган. ЕККУ театрга жасалган соккуну эл аралык гуманитардык укукту бузуу жана аскердик кылмыш деп атаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Мариуполь шаарындагы драмтеатрды украин аскерлери жардырганын билдирип, бирок буга эч кандай далил келтирген эмес.

Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполь шаары дээрлик толугу менен талкаланды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, калаада бери дегенде эле 20 миң киши өлүп, шаардагы курулуштун 90% талкаланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты